«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышына байланыштуу ушул жылдын 24-апрелинен 26-апрелине чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

- М.Ганди көч., Тулебердиев көч., Манас көч., Васильев көч.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз", - деп билдирет аталган кызмат.