Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына Жусупбек Коргонбай уулунун депутаттык мандатын тапшыруусуна министр Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактын тиешеси жоктугун жазды. 

"Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун өз каалоосу менен мандатын тапшырганын - “Азаттык” өндүү айрым маалымат сайттары башка нукка бурмалап чагылдырып жатышат. Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боек беришүүдө.

Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тийешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү - өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тийешеси жок", - дейт Орунбеков.