Мамлекеттик бажы кызматы Баткенде 2 тонна тоок этин мыйзамсыз жол менен өлкөгө алып келген аткезчини кармаганын маалымдады. 

Анда айтылгандай, «Mercedes Benz Sprinter 515» үлгүсүндөгү унаа менен ташылып келген жүк Бужум айылында колго түштү. Айдоочу эч кандай документтерди көрсөтө алган эмес.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 525 миң 928 сомду түзгөн.