Бүгүн таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

21-22-23-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кокту-колотордон чогулган сел суулары Комсомол айылынын Насосный тилкесиндеги туурак жайларды каптап өткөн.

Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо жана ички жолдорду калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 23-апрелге караган түнү сел каптаган аймактарды жеринде көрдү.