«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштыруу боюнча пландуу жумуштарды өткөрүүгө байланыштуу ушул жылдын 24-апрелинен 25-апрелине чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт.

Алар: БЧЧК, Чугуев көч., Чернышевский көч., Алма-Ата көч., Проскуряков көч., Набережная көч., «Куликовский» кондитердик цехи.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

"Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз", - деп айтылат маалыматта.