Депутат Аида Исатбек кызы парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мектептердеги дин таануу сабагын ким берип жатканына кызыкты. 

"Бул предметте бир гана Ислам окутулуп жатканын ата-энелер айтып жатышат. Мен Ислам дини боюнча сабак берүүгө каршы эмесмин, бирок дин таануу сабагынын маңызы балдарыбызга кандай диндер бар жана алар эмнелерди алып жүргөнүн тааныштыруу эмеспи", - деди депутат. 

Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев дин таануу сабагы боюнча окуу китеби талкууланып, киргизилгенин белгиледи. 

Аида Исатбек кызы бул сабакты кайсы мугалим берээрин сурады эле, министрдин орун басары Билим берүү министрлигинин сунуштамасы менен мектептерге тарыхчылар жана Ислам институтунун теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү алынып жатканын белгиледи.