Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандарын бул аймактарга барбай турууга чакырды.
Ушул тапта Иран, Израиль, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестинага сапарын токтотууну сунуштайт.
Ал эми аталган өлкөгө баргандар же жүргөндөргө ал жактагы абал бир калыпка түшкөнгө чейин коопсуздук чараларын сактап, абайлап жүрүүнү суранат.
Сурап-билүү номерлери:
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800
Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги: +966583769945
Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +989352505226
Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +96525359951