18-апрель күнү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиада комитетинин Президенти Садыр Мамытов, Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Быйыл 46-ирет өткөрүлүп жаткан мелдештин ачылылыш аземинде Айбек Абдымомунов мушкерлерге ийгилик каалап “бул мелдеш Дүйнө, Азия чемпионаттарына жана быйыл жайында Парижде (Франция) боло турган Олимпиада оюндарына талапкер спортчуларды сыноонун бир баскычы”- деп белгиледи.

Белгилей кетсек, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Иран, Таиланд жана Кыргызстандын тандалган 200гө жакын булгаары мээлей чеберлери катышууда.

Беттештер күн сайын 12:00дө башталып, 22-апрелге чейин өтөт.