Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин наркобарондор менен байланышы аныкталганын билдирди. 

Бул тууралуу ал кечээ, 17-апрелде Жалал-Абадда чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшыруу иш чарасында айтты. 

"Укук коргоо кызматынын кызматкерлери баңгизат таратуу менен алектенген кылмыштуу тармакка байланышкан учурлар бар. 2023-жылы жана 2024-жылдын 3 айында наркобарондор менен байланышканы үчүн 12 милиция кызматкери кармалып, мыйзам чегинде жоопко тартылышты.

Наркобизнеске аралашкан, баңгизат саткан жана баңгизат саткандарга "крыша" болгондордун саны өсүүдө. Алар менен күрөшүү үчүн чоң иштерди жасоо керек", - деди Камчыбек Ташиев.