УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде чек арачыларга батирлерди тапшыруу иш чарасында мындан ары Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү үчүн тааныш же акча керектелбей турганын айтты. 

"Мындан ары көп акчаң же мамлекеттик кызматта иштеген чоң тууганың болсо эле, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланам деген үмүт болбошу керек. Биринчи кезекте шайлоочулар өздөрү Жогорку Кеңешке таза, чынчыл адамдар депутат болуп барышына кызыкдар болууга тийиш. Жогорку Кеңешке коррупцияга аралашкан же деструктивдүү максаттагы депутаттардын отурганына биз, шайлоочулар өзүбүз күнөөлүүбүз. Ошондуктан, шайлоочулар ушул нерсени эсиңерге алгыла.

А Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болуп жаткандарга жоопкерчилик менен айтам, урматтуу талапкерлер, эгер кимдир бирөөңөр элдин добушун сатып алууга же дагы башка таза эмес жол менен добуш алууга аракет кылсаңар, биз мыйзам чегинде чара көрөбүз.

Ушул убактан баштап шайлоолор таза болушу керек, таза репутациялуу адамдар шайланышы керек, мейли парламентке болобу же мамлекеттик кызматтаргабы. Ошондо гана өлкөбүздө өсүү жана өнүгүү болот. Бардык жерде тартип болушу зарыл, мыйзам негизиндеги тартип менен гана өнүгө алабыз", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматкерлер шайлоолордун өтүшүндө кандайдыр бир таасир бербеши керектигин белгиледи. 

"Шайлоо кайсы жерде болбосун, мамлекеттик кызматкерлер, шайлоону уюштуруучулар же муниципалитеттин кызматкерлери, эч бириңер шайлоого таасир бербешиңер керек. Эл өзү татыктуу деп эсептеген адамын депутат кылып шайласын.

Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоого аралашса, биз мыйзам чегинде аны жоопко тартууга милдеттүүбүз.

Мамлекеттик кызматкерлер, прокуратура органынын кызматкерлери, УКМК жана укук коргоо органдары, ушул маселеге жакшы көңүл бургула.

Ал адамдын коррупционер экенин, бюджеттин акчаларын уурдаганын же акчасына таянып коомго зыянын тийгизгенин билип туруп жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындаганды токтотуш керек. Кайсы даражадагы чиновник болбосун, мамлекетке зыян келтирсе, ал сөзсүз жазаланат. Биздин максат - аны жоопкерчиликке тартуу", - деди УКМК төрагасы. 

Ошону менен катар Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке ылайыксыз адамдар да келип алгандыктан, учурда тазалоо жүрүп жатканын, мындан ары дагы ал уланаарын билдирди. Айтымында, парламентке кынтыксыз абройлуу, өлкөсүнө, элине берилген адамдар келиши керек. Алар эл арасынан чыгышы керек. Азыркыдай бир гана коррупционерлер, алардын туугандары, ага-инилери депутатка айлануусу болбошу зарыл. 

"Ошентип байлыкка, таасирге таянып келгендерди биз азыр тазалап жатабыз. Мындан ары да уланат, өзүңөр көрүп жатасыңар, азыр 5-6 депутат кетти, көбү өз каалоосу менен, анткени биз аларды туура эмес шайланганын, эл өкүлү болууга акысы жоктугун аныктап, өз каалоосу менен кетүүгө мажбурлайбыз. Бул иштердин баары мыйзам чегинде болууда, ал өлкөнүн келечеги үчүн жасалып жатат", - деди Камчыбек Ташиев.