Мындан ары милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө даттанууларды жарандар Башкы прокуратуранын сайтына калтыра алышат. Бул тууралуу башпрокурор Курманкул Зулушев парламент жыйынында билдирди.
"Милиция кызматкери үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы тарткан жарандын арызын кабыл албай койгон. Ал милиция кызматкерине онлайн даттанууга болобу, анткени ал аялдын үйү прокуратура бөлүмүнөн алыс жайгашкан, келүүгө мүмкүнчүлүгү жок", - деди депутат Айсулуу Мамашова башпрокурорго суроо узатып.
Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын сайтындагы даттануулар текшерилерин белгилеп, жарандарды ошол жакка арыз калтырууга чакырды.