Секелектерди зордуктаган кылмышкерлерге карата өлүм жазасын киргизүү сунушун депутат Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал Кара-Суу районунда жакында болгон окуяга токтолду. 

"Беш жаштагы кызды уктап жаткан жеринен киши уурдап кетип, талаага алып барып зордуктаган. Кыздын жакындары, туугандары, айылдаштары болуп 100дөн ашуун киши укук коргоо органдарына келишкен. Алар зордукчу мыйзам чегинде жазасын албай калышынан коркуп жатышат. Милицияга ишенишпейт", - деди депутат. 

Ошондой эле ал эрезеге жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө жазанын эң катаал түрүн, өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. 

"Казакстанда "Салтанат мыйзамы" кабыл алынды. Бизге дагы ушундай документ кабыл алуу керек. Зордуктоо кылмыштарынын саны жыл өткөн сайын өсүүдө", - деди Мажитова.