"УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет элдик жарандар аныкталды", - деп билдирет Кыргызстандын коопсуздук кызматы.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар убактылуу жашап жаткан жерлеринде аныкталган. Алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүнө тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөй болуп жатканы аныкталды.

Мындан улам, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат.