КР Айыл чарба министрлиги аймактарда айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусуна өнөр жайлык кара куурай өстүрүү керектиги белгиленди. Ошондой эле жапайы кара куурай жакшы өскөн Ысык-Көлгө Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш бактарын, карагат, малина, кулпунай, чычырканактын тикенексиз сортторун отургузууну сунуштоодо.
Өнөр жай кара куурайы фармацевтикада, текстиль жана эмерек өнөр жайларында, космостук кемелер жана учактар үчүн көмүртек буласын өндүрүүдө, тамак-аш азыктарын жана табигый косметиканы жасоодо колдонулат.