УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев Бишкек шаарындагы бир убактарда өзү окуган №64 мектептин бир бөлмөсүн толугу менен оңдоодон өткөрүп берди.
"Бүт жабдыктары менен жаңы парта, жаңы стол, айнектерди пластикага алмаштырышты. Андан тышкары заманбап жасалмасын да жасап беришти. Тимурлан бул мектепте 7-класска чейин окуган. 5-класстан тартып класс жетекчиси болгом. Анын жасаганы бардык балдарга абдан чоң өрнөк болуп жатат. Азыр окуп жаткан балдар муну көрүп, "биз да чоңойгондо ушундай кылабыз" деген ойго келишет", - деди мугалим Саламат Абдрахманова.