Кечээ, 11-апрелде саат 16:30 чамасында белгисиз жарандар Ош шаарынын тургуну А. аттуу кызды “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаага салып, ала качып кеткен.
Бул факты Ош ШИИБге катталып, “Курчоо” иш мерчеми киргизилген.
Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Кара-Кулжа райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылындагы чоң жолдо автоунаа токтотулуп, ала качып кетти делген 2005-жылы туулган А.А. жана ала качып бара жаткан Кара-Кулжа районунун тургуну 2002-жылы туулган А.Б аны менен кошо унаанын айдоочусу Ош шаарынын тургуну 1999-жылы туулган М.у Д . кармалган.
Кармалган жарандар Тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген.