Мелдеш бүгүн 11-16-апрель күндөрү Bishkek arena спорт комплексинде өткөрүлөт. Анда грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер болот.

Ага Кыргызстандан 30га жакын спортчу, анын ичинде Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу, Улукбек Жолдошбеков катышат.

Ошондой эле Бишкектеги мелдешке Азия өлкөлөрүнүн күчтүү балбандары, алардын катарында Олимпиаданын, дүйнө жана Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү, байге ээлери келет.

Чемпионаттын алгачкы күнүндө килем үстүнө эркин күрөштүн 57, 65, 70, 79, 97 килограмм салмактагы балбандары чыкмакчы.

Азия чемпионатынан кийин 19-21-апрелде Азия лицензиялык турнири болот.