Бишкек ЖЭБде февраль айында болгон авариядан жабыркаган эки жумушчу тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат жыйынында айтты. 

Эске салсак, 1-февралдан 2-февралга караган түнү ЖЭБде авария катталып, андагы нөөмөтчүлөр Аманбек Кошоев менен Акылбек Аликов жабыркашкан. 

Исмаиловдун айтымында, алар учурда Түркиянын Адан шаарындагы ооруканада дарылануусун улантып жатышат. Акыбалдары орто оор, бирок динамика жакшы жагына өсүүдө. Жакынкы арада жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулушат. 

Ошондой эле авариянын келип чыгышын иликтөөчү атайын комиссиянын мүчөсү Болот Ибраев жумушчуларга атайын ар кандай кырсыктан коргоочу кийимдер берилээрин, бирок ошол күнү жабыркаган эки жумушчу атайын кийимин кийбей нөөмөткө чыгышканын билдирди. 

"Эки атайын кийим бар: кара жана көк. Кара кийим өрттү өткөрбөй турган катмарга ээ. Эки жумушчу нөөмөткө чыкканда ал кийимди кийишпептир, бир жумушчу кийген экен. Комиссия андай атайын кийимдер жана атайын буюмдар жумушчуларга берилээрин аныктады", - деди Ибраев.