Жогорку Кеңештин жыйынында, "Кыргыз Республикасындагы халал-индустрия жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда спикер Нурланбек Шакиев интернеттеги башка тилдердеги бардык контентти жаап салууну сунуштады. 

Ал сөз маанилерин арабдаштырбай, халал дегенди кыргызча эле адал деп аташ керек деп эсептейт. 

"Эмнеге баарын арабдаштырып жатабыз? Халал эмес, адал эле болот. Ал турмак ысымдарды дагы арабдаштырып жибердик. Бизде уккулуктуу кыргызча аттар азбы? Мисалы, Бакыт, Таалай, Элмурза, Улукбек, Балбак, Чолпон. Эмнеге биз ушундай аттарды эмес, араб ысымдарын балдарыбызга берип жатабыз? Минте берсек жакын арада кыргызча ысымдар жок болуп кетет. Айылдарда да жаш балдар орус тилинде сүйлөшүп башташты, анткени интернеттен орус тилиндеги контентти көрүшөт. Кыргыз тили да жоголуп кетет. Баарын кыргызча жасашыбыз керек. Орус жана башка тилдердеги бардык көрсөтүүлөрдү, мультфильмдерди токтотуу керек", - деди Шакиев. 

Бирок депутат Марлен Маматалиев спикерге халал деген аталыш боюнча түшүндүрмө берди. Айтымында, ISO эл аралык стандарты бар. Эгерде ал кыргызча аталса, анда кыргызстандык продукция өлкө аймагынан чыга албайт. 

"Аталышын которууга мүмкүн болбогон бренддер бар", - деди ал. 

Ал эми депутат Дастан Жумабеков Кыргызстанда демократия экенин эске салып, ага ылайык ар бир ата -эне баласына өзү каалагандай ысым берээрин белгиледи. 

"Кааласа Майкл Джексон же Роналду деп атайт. Радикалдаштыруунун кереги жок", - деди ал.