Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты. 

Келишим "Чакан ГЭС" ААКсы менен "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧК ортосунда түзүлдү.

Макулдашууга "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Н.Садыков жана "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧКсынын башкы директору Цзян Лицзи кол коюшту.

Белгиленгендей, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 млн долларды түзөт, компания Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алды.