4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматы жөнүндө», «Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши, курулушка жана жолдорго тиешелүү башка маселелер жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоорлору каралууда.

Ошондой эле жыйында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1459-VII токтомунун аткарылышы тууралуу да маалымат угулду.

Аталган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери баяндамаларды жасашып, жыйын суроо-жооп форматында өтүүдө.

Алсак, депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелерине көңүл буруп, ошондой эле борбор калаанын жол инфратүзүмүн өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Буга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2003-2017-жылдардан бери каралбаган 27 көчөдө оңдоо иштери пландалып жатканын билдирди.

Ал эми эл өкүлү Аманкан Кенжебаев дыйкандарды заманбап, сапаттуу вакциналар менен өз убагында камсыздап, сүттүн баасын жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар депутат Чүй облусунун жолдорун өнүктүрүү маселесине токтолду.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунун Булак-Башы айылын жергиликтүү токой чарбалыктын балансынан чыгарып, айыл өкмөттүн карамагына өткөрүүнү сунуштаса, эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков аймактардын тургундарын жеткиликтүү турак-жай жана жумуш менен камсыз кылуу маселесин ортого салды. Депутат Балбак Түлөбаев Абхазиядан республикага алынып келинген унааларга көңүл буруп, бул унааларды каттоо маселесин тездетүүнү сунуштады.

Депутат Русланбек Жакышовдун борбор калаадагы тыгындар боюнча суроосуна Акылбек Жапаров бул багытта иш-чаралардын 1-этабы башталганын маалымдап: «Атайын программанын алкагында 8 темир жол өткөөлдөрүн жана 4 эстакадалык көпүрөлөрдү куруу пландалууда. 3 жылдын ичинде маселени чечебиз», - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Депутат Бактыбек Чойбеков Аманбаев айылынан Талас шаарына чейинки газ түтүгүн куруу сунушун көтөрдү. Эл өкүлү Алишер Козуев жер саясаты, №309 токтомунун аткарылышы тууралуу суроолорду узатып, техникалык адистерди даярдоого көңүл бурду.

Андан тышкары, депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңеш «Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» токтомун кабыл алганын эске салып, ага ылайык чийки сүттүн литрине сүттүн сатып алуу баасын 40 сомдон кем эмес белгилөө шартынын аткарылышын тактап, бул багытта жетиштүү иштер жүргүзүлбөй жаткандыгын сындады.

Эл өкүлү Улан Бакасов Нарын шаарынын борборунда калктын жыштыгын эске алуу менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгиледи. Депутат Гуля Кожокулова Министрлер кабинетине балдарды социалдык жактан коргоону күчөтүүнү жана балдарга берилүүчү жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүнү табыштады.

Депутат Улан Примов спорт иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга өзүнчө макам берүү маселесин карап чыгууга чакырса, эл өкүлү Тазабек Икрамов Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана өсүмдүгүнүн кескин көбөйүшү көйгөйүнө көңүл бурду.