Акыркы үч жылда Кыргызстанда курулуштун көлөмү кескин көбөйүп жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жалпы жыйынында билдирди.
"Туура, Садыр Нургожоевич келген 3 жылдын ичинде курулуштун көлөмү кескин көбөйгөнүн көрүп жатасыздар. Айрыкча социалдык объекттерди курууну колго алдык. 3 жылда:
- Мектеп жана анын спорт залдары менен кошо 315 обьект салынды.
- 69 бала бакча салынды.
- 28 саламаттык сактоо объекти салынды.
- 125 айылда таза суу маселесин чечтик.
Мунун ичинен 2023-жылдын аякталышы менен билим берүү тармагынан жалпы 140 билим берүү уюмунун курулушу аяктады. Мындан тышкары Баткен облусунда 417 турак үй, 23 социалдык объект ишке берилди.
Көңүл бурчу нерсе: 3 жылда Ош облусу боюнча – 113 объект салынды, анын ичинде 73ү мектеп жана бала бакча. Жалал-Абад облусунда – 66 (38и –мектеп), Баткен облусунда – 67 социалдык объект салынды. Быйыл биз Чүй облусуна басым жасайбыз. Эң көп эл жашаган Чүй облусуна былтыр болгону 15 мектеп салынган.
Ошол эле кучурда сапат жана сеймикалык туруктуулук сиздер менен бирге катуу контролдо болот", - деди Акылбек Жапаров.