Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдү бай адамдарга эмес, чыныгы турак жайга муктаж адамдарга беришээрин билдирди.
"Жалал-Абадда алты жерде 2 миң 744 батирлүү үйлөр курулуп жатат", - деди ал.
Ал эч ким тааныштарын салып кезекке алдын ала тура албастыгын жана байларга 3-4 батир алып алуу мүмкүнчүлүгү берилбешин белгиледи.
"Ипотекалык батирлер чыныгы муктаж адамдарга берилет. Азыр мындай турак жайлар активдүү курулуп жатат. Бир гана борбор калаада эмес, өлкөнүн бардык аймактарында", - деди Туманбаев.