Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын «ЖККУда парламенттик кызматташтыкты чыңдоо үчүн» медалы менен сыйланышты.
Ошондой эле, уюмда жигердүү ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл өкүлдөрүнө ЖККУ ПАнын Ардак грамотасы тапшырылды.
Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов тапшырды. Комитет төрагасы парламенттеги эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, сыйлык алган кесиптештеринин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.