УКМКга Ала-Бука районунун тургундарынан 1971-жылы туулган А.О.С. Ала-Бука айылынын тургунуна карата арыздануулар келип түшкөн. Аталган жаран мурда бир нече жолу соттолгон (бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу), өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жана жергиликтүү тургундарга, атап айтканда Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөтүп келген.
Мындан улам 1-апрелде А.О.С. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда А.О.С.нын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылып алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КР УКМК кармалган А.О.С. тарабынан зордук-зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал – Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын төмөнкү ишеним номурларына: (WhatsApp: 0995 012210) кайрылууну өтүнөт.