АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын беш жүз элүү дыйкан үй-бүлөсүнө АКШ өкмөтү тарабынан эки тоннадан ашык жогорку түшүмдүү жүгөрү үрөндөрү жана 22,5 тонна жер семирткичтер берилди. Бул саан уйларга тоют катары колдонулган жүгөрүнүн сапатын жогорулатуу аркылуу фермерлердин сүт өндүрүшүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Үрөн жана жер семирткичтерди берүүдөн тышкары, USAIDдин «Агросоода» долбоору жүгөрү өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары боюнча комплекстүү тренингдерди жана чарбаларда маалыматтык сессияларды өткөрдү – мындай иш-чаралардын баары жергиликтүү фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
«Жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү сорттору жергиликтүү сортторго салыштырмалуу кымбатыраак болгондуктан, аны сатып алууга көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү жок. Бирок бул демилге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө анын пайдасын көрүүгө жардам берет. Жүгөрүнүн түшүмү илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу болуп, 30% га жогору түшүм берет. Мындай калдыксыз чечим саан уйларды жогорку сапаттагы тоют менен камсыз кылат, натыйжада сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө алып келет», дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс.
USAIDдин «Агросоода» долбоору Кыргыз Республикасында туруктуу айыл чарба тажрыйбаларын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү фермерлерди колдоого багытталган. Долбоор өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, кайра иштетүү потенциалын кеңейтүү, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу, бизнес байланыштарын өнүктүрүү жана финансылык ресурстарга, анын ичинде аялдардын, жаштардын жана маргинал топтордун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошот.
Кошумча маалымат алуу үчүн Надира Махкамова менен Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дареги же +996770268337 номери аркылуу байланышыңыз, жана «Агросоода» долбоорунун социалдык тармактардагы: Facebook, Instagram жана YouTube баракчаларына катталыңыз.