Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Малыматка караганда, 30-мартта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан 2000-жылы туулган Египеттин Е.А.Р.С. аттуу жараны кармалган. Ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңгизаттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып, аларды интернеттеги социалдык тармактарга жарыялайм деп коркутуп, акча каражаттарын опузалап талап кылган жана андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.
Мындан улам, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" боюнча кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран 2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.