УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 100 миллиард сом кайтарылганын билдирди.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов мындай көрсөткүчкө жетүүдө принцип башкы ролду ойногонун белгиледи.
- УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич президенттин койгон тапшырмасынын негизинде уурдалган акчалар мамлекетке бир тыйыны да кемибей мамлекетке кайтарылып жатканын айтып кетпедиби. Буга чейин бардык тармактарда коррупция бар болчу: мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, сот, укук коргоо органдарында, жада калса бизнесте, жарандык коом ичинде. Бүгүнкү күндө бүт коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыгарылып, ошол схемаларды жоюуга аракеттер көрүлүп жатат. Бул эң негизги принцип жана мамлекеттин эрктүүлүгүн билдирет.