"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Москвага учуп барган 69 кыргызстандык Россияга киргизилбей артка кайтарылган. Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин орун басары парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Алмаз Имагазиевдин айтымында теракттан соң 23-марттан тарта Москвадагы аэропорттон бир катар кыргызстандык артка кайтарылды.
“Алар Москвага учуп барышкан бирок, аэропорттон ары чыга алган эмес. Алардын арасында буга чейин “кара тизмеге” киргендер бар. Ошондой эле Россияга биринчи жолу барып, эч кандай тизмеде жок болгондуктан, өлкөгө кире албай, Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон учурлар дагы бар. Белгилей кетсек, алар мыйзамдарына ылайык, сырткы көрүнүшү кандайдыр бир шектенүү же коркуу жараткан адамды өз өлкөсүнө киргизбей коюуга укугу бар. Бардыгы болуп 69 кыргызстандык Россияга кире албай калган", - деди Имангазиев.
Министрдин орун басары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, айрымдары кайра учуп келүүгө кеткен чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн, ал эми айрымдарына авиакомпаниялар жардам бергенин кошумчалады.