Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Санжар Сейдакматов Азербайжанда өткөн эл аралык турнирде 3-орунду ээлегенин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Великий шёлковый путь» турнири дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген спортчулардын катышуусунда Бакуда өтүп жатат. Алардын арасында олимпиада оюндарынын жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери бар.

Белгилей кетсек, Сейдакматов Санжар 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты, бул категория боюнча 10 спортчу катышкан.