29-мартта Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык аял жол кырсыгынан каза болсо, төрт киши жаракат алган. Жол кырсык Челябинск-Троицк жолунун 93-чакырымында орун алган.

Окуя болгон жерге барган мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери 1978-жылы туулган Кыргызстандын жараны Тойота үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыга калганын, кесепетинен Газель унаасы менен сүзүшкөнүн аныкташкан.

Кесепетинен Кыргызстандын 50 жаштагы жараны алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Тойота унаасынын дагы төрт жүргүнчүсү, ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, медициналык мекемеге жеткирилген.