Экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов "Азаттыктын" "Ой Ордо" көрсөтүүсүндө Кыргызстан коррупцияга белчесинен батып калганын белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган көрсөтүү Матраимовдун камакка алынышынын тегерегинде ой жооруган.
"Кыргыз мамлекетинде коррупция системдүү, өтө пайдалуу "бизнеске" айланган. Биз ошону таанып, моюнубузга алып кыргыз коомчулугуна жарыялап коюшубуз керек: коррупция бизде өтө системдүү, өтө пайдалуу "бизнес" болуп калды деп. Кылмышты жасап, мыйзамды бузуп жаткандар эл билбеген жолдорду, ыкмаларды колдонушкан. Алардын бул кылганы ушул нерсеге алып келди", - деди Мамытов.
Эске салсак, Кыргызстандагы ири коррупциялардын автору катары таанылган, коррупция аркылуу топтогон байлыгынан улам Райым-миллион каймана атына ээ болгон Райымбек Матраимов Азербейжандын Баку шаарында кармалып, 27-мартта Кыргызстанга экстрадицияланган. Буга чейин КР УКМК тарабынан ага издөө жарыяланганы кабарланган.