КР финансы министринин биринчи орун басары Р.Суйналиев жетектеген кыргыз делегациясы Түштүк Кореянын Сеул шаарында Кореянын кредиттик кепилдик фонду, технологиялык финансы корпорациясы, Эксимбанкы, өнүктүрүү банкы сыяктуу Корея финансы институттары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө "Кепилдик фонд" ААК менен Кореянын «КОТЕС» технологиялык финансылык корпорациясынын жана Кореянын "КОДИТ" кредиттик-кепилдик фондуларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюу өз ара кызматташтыкты жакшыртууга маанилүү кадам болуп саналат.

Маалымат алмашуу, окутуу программаларын ишке ашыруу, экспортко багытталган ишкердик субъекттерин колдоо боюнча пландар, ошондой эле соода-өндүрүштүк жана илимий-техникалык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү ар кандай деңгээлде кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Каржылоонун жаңы инструменттерин жана механизмдерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле экономикалык тенденциялар жөнүндө маалымат алмашуу эки тарапка тең өз тажрыйбаларын жакшыртууга жана дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүп жаткан шарттарга көнүүгө жардам берет.

Бул кадамдар Кыргыз Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосунда туруктуу жана жемиштүү мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, КР Финансы министринин Биринчи орун басары Р.Суйналиев жетектеген кыргыз делегациясы Япониянын Токио жана Киото шаарларында Япониянын чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү агенттиги жана Сумитомо Мицуи банкынын өкүлдөрү, Япониянын кредиттик-капилдик корпорациялар федерациясы, жапон финансылык корпорациясы ж. б. менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Тараптар эки өлкөдөгү чакан жана орто ишкерликти каржылоо, долбоорлорду насыялоо жана кепилдик берүү маселелерин, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты, ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтар менен алмашышты. Чакан жана орто ишканалар жумуш орундарын түзүүдө, инновацияларды стимулдаштырууда жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгилейбиз.

Ошондой эле ишкердикти колдоо маселелерине жана анын Кыргызстан менен Япониянын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.