Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.
Эске салсак, Матраимов Азербейжандын Баку шаарында кармалып, Кыргызстанга алып келинген.
"Азаттык" Матраимов сот залына кирээрде журналисттин коюлуп жаткан айып тууралуу суроосуна комментарий бербегенин жазып чыкты.
Матраимов менен кошо Азербейжандан анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек да кармалып, Бишкекке жеткирилгени белгилүү болгон.
УКМК Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн кабарлаган.