Райымбек Матраимовдун камакка алынышы өлкө жетекчилигинин саясий эркин көрсөтүп турат дейт саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов "Кабар" агенттигине берген маегинде.
Ал коомчулук Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Азербейжандан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланышын колдоо менен кабыл алганын белгилейт.
"Бажы тармагындагы коррупция өлкө эгемендүүлүк алгандан баштап 30 жылдан ашуун убакыт гүлдөп келди. Бул мыйзамсыз ишмердүүлүккө мурдагы президенттер, премьер-министрлер, ар кайсы даражадагы чиновниктер, ошондой эле кримдүйнө өкүлдөрү да тартылган. Матраимовдун кармалыгынан кийин башка саясатчыларга жана бажы жаатынын мурдагы жетекчилерине дагы кылмыш иши козголсо керек", - деген Жумагулов.
Ошондой эле ал Матраимов деген ысымды өлкөнүн мурдагы президенттеринин коррупцияланышкан саясаты жараткан деп эсептейт.
"Акаевдин бийлигинен баштап өлкөдө "капчык" деп аталгандар пайда болгон, алар бажы, фискалдык жана башка органдарды башкарышкан. Алар коррупциялык схемаларды түзүп, бекемдешти. А Райымбек Матраимов коррупцияны улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук деңгээлине чыгарды. Ага ал мамлекеттин мурдагы жетекчилеринин колдоосу менен жетти", - дейт.
Белгилегендей, Матраимовдун кармалышы учурдагы бийликтин коррупция менен күрөштөгү саясий эркин көрсөтүп турат.
"Президент Садыр Жапаров коррупция жана криминалды жоюу тууралуу бир нече жолу айткан. Мына, эми коомчулук ал иштин жыйынтыгын көрүүдө", - деген Бакытбек Жумагулов.