Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" теракт учурунда каза болгондордун тизмесин жаңылады. 

Тизмеде 120 адамдын аты-жөнү бар. Арасында эки кыргызстандык - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын дагы ысымы жүрөт. 

Буга чейин аталган кыздар теракттан кийин байланышка чыкпай дайынсыз болуп жатканы айтылган. КР ТИМ аларды издеп жатканын билдирген.

ТИМ маалыматында кыздарды каза болду деген маалымат болжолдуу экенин белгилейт. Анда айтылгандай, Россиянын ӨКМсынын тизмесинде генетикалык экспертиза жасала элек жарандардын аты-жөнү да жазылган. 

Белгилүү болгондой, аталган кыргызстандыктар "Крокуста" кафеде иштеп келишкен.