Подмосковьедеги "Крокус Сити Холлдогу" курмандыктардын саны 137ге жетти. Аны менен катар россиялыктардын кыжыры да чегине жетти. Канчалык тереңдеген сайын, ошончолук "потенциалдуу террористтер - мигранттарга" байланыштуу кырдаал так көрүнө баштады. 

Теракт бир гана орус улутундагыларга багытталбаганы айкын. Көрүүчүлөрдүн жана соода-көңүл ачуу борборунун жумушчуларынын арасында башка өлкөнүн жарандары да болгон. Ушул убакка чейин кол салуу учурунда "Коркуста" иштеп жаткан эки жаш кыргыз кызы тууралуу маалымат жок. Башында өлдү деп эсептелген дагы эки мекендешибиз бактыга жараша аман болуп чыкты. 

Бүгүн дүйнө жүзү Ислам Халиловду - "Крокустан" жүздөн ашуун адамдын эсен чыгып кетишине жардам берген 15 жаштагы баланы тааныды. Бул борбордо гардеробщик болуп иштеген Ислам деген символикалуу ысымдуу бала (эч ким "Ислам - бул жаман" деп айтпашы үчүн) ата-энеси бир кездерде Кыргызстандан Россияга барып отурукташып калгандыктан, ошол жакта жарык дүйнөгө келген. Жума күнү Москвадагы мечитте жума намазында ага Россиянын мусулмандарынын "Эмгеги үчүн" медалын тапшырышат. 

Ошентип, Россия үчүн өлүмгө тете коркунуч жаратчудай болгон Борбордук Азиядан чыккан мигранттарга карата терс пикирлер акырындык менен азая баштады. Москвага учуп барган кыргызстандыктарды "Шереметьево" абамайданында көпкө кармашканы чындык, бирок бул чараны толук түшүнүүгө болот. Кыргыздын "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген макалы орустарда да бар экенин билебиз. 

Ал эми дагы көп курмандыктарды жана жабырлануучуларды пайда кылуучу террордук чабуулардар кайталанышы мүмкүн деген коркунуч жоюлган жок. Ал мындай кандуу акцияларды көксөгөн тараптар жоюлмайынча жок болбойт. Мындай окуяларга кызыкдар тарап жана түздөн түз уюштуруучулары жат көздөрдөн Лондондун туманына жашынып алышты. Ошол жактан, Улуу Британиядан дагы бирөөлөр учуп келбейт деген кепилдик жок. 

Кайсы бир россиялык жашыруун булактын маалыматына караганда, "Крокустагы" кандуу окуянын Украина менен болгон чек арадан кармалган себепкерлери ушул сыяктуу дагы бир терактты даярдашкан. Аны Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн биринде ишке ашырууну пландашкан. Кайсы өлкө экени так айтылган эмес. Анын үстүнө бул маалымат текшерилген жана тастыкталган эмес. Бир гана нерсе белгилүү: сактыкта кордук жок. 

Кыргызстандык укук коргоо органдары Россиядагы теракттан кийин дароо өлкө боюнча соода борборлорун текшерүүнү колго алышты. Бул, албетте, туура чечим. 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин тез арада чакыртты. Бир жагынан Россияга көңүл айтуу үчүн болсо, экинчи жагынан мындай террористтик чабуулдардан Казакстанды коргоо маселесин талкуулашты. 

Президенттин жетекчилигинде казакстандык атайын кызмат алдын алуу чараларын көрүүнү ойлонушту, коркунуч коңшу Афганистандан келет деген адатка айланган ойду токтотуп, "демократиялык" Батыштан келээрин болжошту... 

Бизге, кыргызстандыктарга төмөнкүлөрдү түшүнүү жана эске тутуу маанилүү. 1996-жылы Өзбекстандагы Ислам кыймылы түзүлгөн, аны эл аралык террористтик уюмдар бардык жагынан каржылык колдоого алышкан. 1999-жылдын жай мезгилинде куралчан согушкерлер Кыргызстандын аймагына киришкен. Тажикстандын аймагынан тоскоолдуксуз өтүп, Баткен облусундагы чек арага жетишкен... Анан кармашуу башталган, бул "Баткен окуясы" катары тарыхта калды. 

Согушкерлер "Крокустагы" террористтер сыяктуу аракетке барышкан. Бир гана айыриасы бар - Баткенди канга боегон кылмышкерлер талап коюшуп, кишилерди барымтага алышкан. Калганын баары окшош - адамдарга аеосуз ок атуу. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана жай тургундарга - карыларга, аялдарга, балдарга... 

Ташиев УКМК төрагасы болоору менен биринчи кезекте кыргыз-тажик чек арасын чечүүнү колго алды. Ушул убакка чейин чек ара чечилип жаткандай түр көрсөткөнү менен талашы арбын болчу. Камчыбек Ташиев маселени эки жагынан караган, биринчиден чек аранын такталбаганынан эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы маал маалы менен болуп турган конфликттер болсо, экинчиден - исламга жамынган, а чындыгында батышчыл кураторлорунун кызыкчылыгын коргогон куралчан баш кесерлердин кол салуусу. Кыргызстанды тажиктердин чырынан коопсуздандыруу, а башкысы тишине чейин куралгандан согушкерлердин ары-бери өтүүсүн токтотуу үчүн чек араны демаркациялоону тез арада бүткөрүү керек болду. 

Москвадагы теракттай терактты Кыргызстанда кайталоо пландалган деген божомолду ары түртүү мүмкүн эмес. 

Ошондуктан биздин диван-сынчыларыбыз Ташиевди "катаал жана демократ эмес" деп айыптоодон мурда бир нече жолу ойлонушу керек. Так ошол катаалдыгы жана дипломаттыгы бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасынын көптөгөн чакырымын тактоого жеткирди. Эгер андай кылбаганда терроризмдин дүйнө жүзүн кыдырып жүргөнүн эске алганда, кыргызстандыктар азыр кандай күнгө кабылмак... Ойлоо дагы коркунучтуу. 

Таң калаарлык дал келүүгө ылайык, Ислам Халиловдун ата-энеси Кыргызстандын түштүгүнөн экен. Кыязы, этиятсыздык канчалык кооптуу экенин генетикалык эс тутумунда сактап калышкан. 

По интересному стечению обстоятельств, родители Ислама Халилова – родом с юга Кыргызстана. И наверняка хранят генетическую память о том, насколько опасной может быть беспечность.