"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагынан бошотулду. Ал Октябрь райондук сотунун судьясынын токтомунун негизинде 22-мартта чыкканын Бишкек шаардык соту кабарлады.
Ушул эле сот февралдын башында Салимовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 4-апрелге чейин узарткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунтай Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын былтыр 10-ноябрда билдирген.
Атайын кызмат ага “узак убакыт бою криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Камчы Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн” деген айып койгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып тагылган.