Бүгүн, 25-мартта “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ондон ашык кызматкери айлык акыны көтөрүү жана ишкананын директору Эмил Жамаловду кызматтан кетирүү талабы менен Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты.
Алардын өкүлдөрү ушул тапта шаар бийлигинин жетекчилери менен жолугушкан.
“Бишкекасфальтсервис” шаардын жолдорун салуу, оңдоо иштерин аткарат. Асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана жол куруу материалдарын даярдайт жана чыгарат.
Ишкананын мурдагы директору Турусбек Түмөнбаев 2023-жылы ноябрь айында кызматтан алынып, анын ордуна ушул жылдын январь айында Эмил Жамалов дайындалган.