Соцтармактарга тарап жаткан ингуш улутундагы беш жаран тууралуу маалыматты Ломовка телеграм-каналы фейк деп атады. 

Эске салсак, Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" 22-мартта бий боюнча чемпионат өтүп жаткан маалда беткапчан үч киши кирип келип, чогулган элге ок чыгарган. Бүгүн, 23-мартка карата берилген маалыматта, бул теракттан 60 киши каза таап, 115 киши жабыркаганын, алардын 60ы оор абалда экени айтылды. 

Учурда теракт кайсы тараптан болушу мүмкүн деген суроого түрдүү версиялар айтылып жатат. Алардын бири - ингуш улутундагы беш жарандын сүрөтүн жайылтуу менен аларды айыптаган маалымат. Ломовка телеграм-каналы сүрөттөгү беш жаран март айынын башында Ингушетиядагы ок атышуудан каза тапканын белгиледи. 

"ФСБнын маалыматына караганда, анда күч түзүмүнө Амирхан Гуражев тарабынан уюштурулган, террористтик багыттагы кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн кылмыштуу топ каршы турган. Аны менен чогуу беш кылмышкер дагы өлтүрүлгөн", - деп жазат аталган телеграм-канал.