Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Москвадагы террактка байланыштуу телеграмма жолдоду.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «КРОКУС СИТИ ХОЛЛдо» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.

​Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.