Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда, айылдарга дагы көп кабаттуу үйлөр курулаарын айтты. 

Эске салсак, кечээ, 19-мартта президент Сокулук районундагы мобилдик клиниканын ишмердүүлүгү менен пландан тышкары барып таанышты. 

Ал дээрлик ар бир айылда жер тилкелерине муктаж болгон ондогон үй-бүлө бардыгын белгиледи. 

"Эгерде алардын баарына жер бөлүп бере берсек, бардык тегиз жерлерде турак жай гана болуп калат. Бикекте 10 миңдей батирлер курулуп жатат, алардын 3-4 миңи күзүндө берилет. Ошондой эле Ош, Талас, Жалал-Абадда дагы көп кабаттуу үйлөр курулууда. 3-4 жылдан кийин кезек сиздерге да жетет", - деди ал тургундарга кайрылып.