Бүгүн, 18-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан боордош Азербайжан мамлекети менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Биз тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз окшош, бир тууган элбиз. Андыктан, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты бекемдеп, боордоштук жана достукка негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет. Мында элчи катары сиздин ролуңуз өзгөчө”,– деди. 

Ошондой эле алакаларды арттырууда парламенттик дипломатия достуктун маанилүү көпүрөсү боло аларын айткан Төрага: “Акыркы жылдары парламенттер аралык кызматташтыгыбыз да жигердүү өнүгүп келет. Айрыкча өлкөлөр ортосунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлүп, тоскоолдуксуз колдоого алынууда” – деди. Муну менен катар Нурланбек Шакиев быйыл Азербайжанга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдады. 

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Латиф Гандилов Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин “Түрк дүйнөсү биздин үй-бүлөбүз” деген сөзүн эске салып: “Биз бардык боордош мамлекеттер, анын ичинен Кыргызстан менен байланыштарыбызды арттырууга кызыкдарбыз”,– деп кошумчалады. 

Андан тышкары, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу учкай маалымат берген элчи жетишилген келишимдер жана каралып жаткан маселелер боюнча сөз кылды. 

Жолугушууда маданий алакалар тууралуу да айтылып, элчи Латиф Гандилов түрк элдерине таандык эски сөздөр кыргыз тилинде арбын экенин баса белгиледи. “Андыктан, боордош элдердин түркологдорун, тилчилерин, илимпоздорун Кыргызстанга чакырып, кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн дагы терең изилдетүүбүз зарыл. Мында кыргыздын элдик оозеки чыгармалары жана дастандары бай казына катары каралышы кажет” – деди элчи

Ал эми Төрага Нурланбек Шакиев элчинин демилгесин колдоп, Кыргызстанда Түрк тилдеринин борборун түзүү керектигине токтолду.