Борбор калаада муниципалдык автобустарда 30 контролер иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алып жатканын мэриядан билдиришти.

Буга чейин да бузуулар аныкталган, тактап айтканда, айдоочулар талонду беришкен эмес же жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп беришкен.

Мындан тышкары, башка адамдын жеке жеңилдетилген карталарын жана кызыл “Тулпар” карталарын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталып, карталар контролерлор тарабынан алынган.

Белгилей кетсек, контролерлор күн сайын башка адамдардын картасын колдонуп жүргөн 15ке жакын жүргүнчүнү аныктады.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана меймандары! Жол кирени төлөө эрежелерин сактап, шаардык транспортто коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн контролерлор менен кызматташууңуздарды суранабыз.