Министрлер Кабинети Кыргызстан менен Тажикстан дагы 10,76 чакырым чек ара сызыгы боюнча мунаса тапканын 17-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-17-март күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында эки мамлекеттин чек ара боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун жолугушуусу өткөн.

Өкмөттүн маалыматында тараптар калган тилкелерди тактоону уланта турганы, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөрү жазылган.

16-мартта эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Бустон шаарында жолугуп, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкуулаган.

Анда Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топко калган тилкелерде мамлекеттердин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришкен.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.