Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациясынын кезектеги жолугушуусу болуп өткөнүн Спутник Тажикстан маалымат агенттиги жарыялады. 

Коңшу өлкө тараткан маалыматка караганда, Кыргызтан жана Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов Согдий облусундагы Бустон шаарында 15-мартта жолугушкан. 

Согдий облусунун администрациясынын басма сөз кызматы өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери талкууланганын белгилеген. 

Бирок азырынча тараптар кандай чечимге келишкени, эки өлкөнүн чек арасындагы кайсы талаштуу аймактар такталганы ачык айтыла элек. 

"Жакында өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухридин чындыгында өтө татаал аймактар калганын жана эки тарап тең бул процессти эртерээк аягына чыгарууга аракеттенип жатканын билдирди", - деп жазган тажикстандык басылма. 

Ошондой эле, агенттик Кыргызстандын бийлигине шилтеме кылуу менен чек ара маселелери дээрлик соңуна чыгып калганын белгилеген. Анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар ушул жылдын март айында өз ишин жыйынтыктай турганы айтылган. 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкеси 980 чакырымдай. Акыркы жылдары чек ара такталбагандыктан эки өлкө ортосунда куралдуу кагылышуулар орун алып, ондогон адам каза тапкан, жүздөгөн адам ар кандай жарааттарды алышкан.