Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын күн тартибине 10дон ашык маселе киргизилген. 

Дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтомду карап, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жактырышты. 

  Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүүнү жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт. 

  Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат. 

Учурда жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класстар уюштурулуп, алар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу окуу эмеректери жана окуу куралдары менен жабдылган. 

Мектеп имараттарын жана алардын материалдык-техникалык жактан жабдылышын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окуучуларга кошумча орун берүү зарылдыгын чечүү пландалууда. 

Кичи спорт аянтчасын сактоо жана андан ары натыйжалуу пайдалануу, спортту өнүктүрүү жана Бишкек шаарынын жашоочуларынын ден соолугун чыңдоо максатында Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аянтчасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүү чечими бекитилди.  

Министрлер Кабинети жол коопсуздугун камсыздоо максатында «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу боюнча токтомун бекитти. Бул чечим менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын башкаруу тутумдарынын жардамы менен катталган жол кыймылынын агымы, видеобайкоолордун маалыматтары жана жол кыймылынын эрежелерин бузуулар боюнча күнү-түнү, автоматтык, үзгүлтүксүз ар тараптуу маалымат берүү боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр болуп аныкталды.