"Жандүйнө ооруйт, а жүрөк ыйлайт" ушул сөз менен жүрөгүбүздөгү жана жандүйнөбүздөгү эң кымбат адам, атабыз Асанбек Токомбаев тууралуу эскерүүмдү баштагым келди. Ал быйыл 100 жашка чыкканына ишенгим келбейт! Бирок бул факт.
Биздин эсибизде ал дайыма жаш, максаттуу, шайыр, энергиялуу жана күчтүү адам бойдон калат.
Атам жолдошум Кувандан Вахтанг Кикабидзе аткарган "Мои года – мое богатство" ырын ырдап берүүсүн көп суранчу. Угуп отуруп, ой кыялында балалык чагына, жаштыгына жана акыл толгон кезине кайтып баргандай болчу, а карылык куракка тилекке каршы, жетпеди.
1924-жылы, совет бийлиги түптөлө баштаган оор мезгилде төрөлгөн, бирок бала кезинен эле эмгекчил, эпчил, тырышчаак сапаттарын көрсөтүп, анысы менен башка балдардан айырмаланып турган. Балалыгы Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылында өткөн. Ал айылда ошол убакта мектеп болгон эмес, билим алуу үчүн жамгыр-карга карабай коңшу айылга он чакырым жолду жөө басып каттаган. Айылы Чүй каналынын жээгинде жайгашкандыктан теңтуштары менен сууга түшүп, сууга сүзүүнү үйрөнгөн. Мунун баары андагы спорттук мүнөздүн түптөлүшүнө таасир этип, келечекте пайдасын абдан тийгизген.
Атамдын замандаштарынын жашоосу оор учурга туш болуп, максаттарына жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоого туура келген. Максаттар болсо окшош - өз ишинин сабаттуу профессионалы болуу. Жыйынтыгында, атабыз Асанбек Токомбаев максатынын өтөөсүнө чыкты...
Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, ал убактагы жалгыз педагогикалык институтка (кийинчерээк Мамлекеттик университетке айланды), физика-математикалык факультетке тапшырган. Тандаган багыты анын аналитикалык ой жүгүртүүгө шыктуу экенин билдирип турат.
Так ушул жөндөмү аны "Кыргызмамбас" басмаканасына алгач редактор, андан соң директор болуусуна өбөлгө болду. Басмаканада акындар жана жазуучулар Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев ж.б.лардын китептери чыгып турчу... Аны менен катар "Манас", Гомердин "Илиадасы", М.Лермантовдун "Мцыри", Ш.Руставеллинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" сыяктуу эпикалык чыгармалар да басылчу. Бул айтылгандар "Кыргызмамбаста" директор болуп турган чагында жасалган иштердин бир үзүмү гана.
Ошол убактагы өлкө жетекчилиги жана биринчи кезекте лидери Исхак Раззаков ар кайсы тармактарды: өнөр жай, экономика, маданиятты башкарууга жөндөмдүү профессионал кадрларды абдан кылдаттык менен тандап, көзөмөлгө алып турушчу. "Кадрлар баарын чечет" деген ал учурдун урааны өзгөрбөс болчу. Ошентип, ондогон жылдар бою өз милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткарган профессионал кесипкөй жетекчилердин тобу өсүп чыкты. Алардын арасында атабыз Асанбек Токомбаев да бар.
Анын жетекчилик чөйрөсү идеологияга айланды, бул демек - инсандык жактан бай жана бийик тарбиялоону билдирет. Бул үчүн өзү дагы ушундай талаптарга жооп бериши керек. Ар бир жетекчи эле кызматка дайындалуунун алдында Кремлдин өкүлдөрү менен баарлашуудан өтө беришпейт эмеспи. Болгондо да формалдуу жолугушуулар эмес, чындап эле жетектей турган тармак боюнча терең түшүнүгү жана билими сыналган.
Ошентип, атабыз Асанбек Токомбаев өмүрүнүн жарымын ишине арнап, берилүү жана ак ниеттүүлүк менен кызмат кылып, пропагандалоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, Шаардык комитеттин катчысы, БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн катчысы, республиканын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу Комитетинин төрагасы кызматтарын аркалады. Ошол эле убакта Кыргызстандын журналисттер Союзунун төрагасы жана СССР журналисттер Союзунун мүчөсү болду. Жигердүү ишмердүүлүгүнүн жылдарында ал республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болууга да жетишти.
Атабыздын ээлеген кызматтарынын тизмеси мени табиятынан романтик жана чыгармачыл адам болуп туруп партиянын катаал тартибине өзүн салып берип, анын талаптарына жана мыйзамдарына кынтыксыз баш ийгенге аргасыз болгон экен деген ойго жетеледи.
Анын чыгармачылык дараметин студент кезинде Мосфильмден келген режиссердун ассистенти "Алитет уходит горы" тасмасына башкы каарманга тандап алганынан эле билүүгө болот. Атам Москвага тандап алууга барганда, тасманын режиссеру СССРдин Эл артисти Марк Донской жактырып, Алилеттин ролуна бекиткен экен. Бирок тартуу иштери институттагы диплом жактоо учуруна туш келип калгандыктан, атам билим алууну актерчулукка караганда маанилүү деп эсептеп, съемкадан баш тартат. Марк Донской ачууланып, абдан капа болот, бирок атам айтканынан кайткан эмес жана бул ролго Казакстандан актер Жантурин чакырылган. Жыйынтыгында, ал киши республиканын Эл артисти болду. Ким билет, балким атам дагы белгилүү актерго айланат беле... Кызыгы, кийинчерээк Марк Донской Фрунзеге келгенде, атам аны менен жолугушуп, ошол окуяны эсине салганда, аябай күлүшүп, чогуу демек, киного тартылуу тагдырга ылайык келбеген деген жыйынтыкка келишкен.
Атамдын шарапаты менен гана мен бала кезимден китепке жакын болдум. Москвага иш сапарына барганда "Детгиздин" түркүн-түстүү китептерин ала келчү. Ошондой эле "Кыргызмамбастан" чыккан басмакананын жыты буркураган китептерин үйгө ташычу... "Манас", "Илиада", Агния Батронун балдар үчүн ырлар жыйнагы, Маршак, Пушкиндин жомоктору жана ырлары - менин биринчи китептерим азыркыга чейин көз алдымда турат.
Музыкалык мектептен фортепианодо ойноону үйрөнүшүм үчүн корообузда биринчи болуп атам мага Москвадан пианино алып келип берген.
Кызматынан улам ал бардык маданий жана адабий жаңылыктардан кабардар болуп туруга милдеттүү эле жана аны чын дилинен ырахаттануу менен жасачу.
Кичине чагыбыздан баштап Гүлмира экөөбүз ошол учурдагы интеллигенциянын, жазуучулардын, артисттердин, композиторлордун чөйрөсүндө өсүп, атамдын аларга сый-урмат менен жасаган мамилесине күбө болгонбуз.
Атам Чыңгыз Айтматовдун Ленин сыйлыгына көрсөтүлүшүнө чоң салым кошкон. Ч.Айтматов дайыма атама ыраазычылык жана сый-урмат менен мамиле жасачу, а атам өз кезегинде жаш жазуучуга жаңы кадам таштаган кезинде жардам бергенине, а ал ага артылган үмүттү актаганына сыймыктанчу.
Алардын жаш курагында чоң айырмачылык болгон эмес, дээрлик теңтуштардай эле, ошондуктан өмүрлөрүнүн аягына чейин ортодогу достук мамилени сакташты. Ысык-Көлдө эс алышканда, "Чолпон-Ата" санаториясынан "Көгүлтүр Ысык-Көлгө" жана ал жактан кайра "Чолпон-Атага" чейин чогуу сүзүп келишкен. Ушул окуя эле көп нерсени айтып турат... Биздин жалпы искусствобуз, анын Алтын Кылымы толугу менен Чыңгыз Айтматовдун ысымына байланышкан. Анын калыптанышына жана кеңири масштабдагы жазуучу болушуна жеткирген жолдогу алгачкы кадамына атабыз Асанбек Токомбаев республиканын КП БКнын пропаганда жана агитация боюнча Катчысы болуп турган кезде салымын кошкон.
Кийинчерээк, Казат Акматовго, "Сынган кылыч" романы үчүн Касымбековго куугунтук башталганда, атам аларды колдоого аракеттенген, бирок жыйынтыгында өзү дагы жасабаган "күнөөлөргө" айыпталып, аңдууга кабылды... 1960-жылдары эле ал Дооронбек Садырбаевдин талантын байкап, ага окуу менен жумушту айкалыштырып, телеканалда иштөөгө мүмкүнчүлүк берген...
Атам табият берген дараметин баамдап жардам берген жана алардан өз ишинин кесипкөйүн өстүргөн адамдарды толук саноо мүмкүн эмес
Асанхан Жумахматовго бут тосуулар башталганда, атам аны колдоого жана мекенин таштап кетүүсүнө жол бербөө үчүн колунан келген жана келбеген нерселерди жасаган. СССРдин телекөрсөтүү жана радиоуктуруу Комитетинин Төрагасы С.Лапиндин жардамы менен учурда А.Жумахматовдун ысымын алып жүргөн симфониялык оркестр түзүлгөн.
Ошондо оркестрдин профессионалдык деңгээлин көтөрүү максатында А.Жумахматов Фрунзеге Москва консерваториясынан Большой театрдын дирижеру Борис Хайкинди музыканттар менен иштешүү үчүн чакырган жана С.Рахмаминовдун оркестр менен фортепиано концертин жаздырууну сунуштаган.
Фортепиано партиясын аткаруу сиңдим Гүлмира Токомбаевага жүктөлгөн. Ал убакта Гүлмира П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектептин окуучусу эле.
Балдарын кичинекей кезинен үйүнөн алыс жерде окутууга ар бир ата эле макул боло бербесе керек. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, өзүнүн Жеринин келечегин ойлогон адам болуу керек. Ошондуктан бизге жазылган ар бир кат "Алыскы күнөстүү Кыргызстандан салам! Ала-Тоо тоолору жана калкы силердин мекенге кайтып келээр күнүңөрдү чыдамсыздык менен күтөт! Силер алган билим республикага абдан керек..." деп башталчу.
Балким, бул өтө эле шөкөттөлгөндөй сезилиши мүмкүн, бирок бизди бул жоопкерчиликтин духунда тарбиялады жана дагы да көбүрөөк окуп, билимге ансайын умтулууга мажбурлачу. А биз башка, мамлекеттик камсыздоодо окуган балдардан айырмаланып, ата-энебиздин жеке каражаты менен билим алдык.
Бул элестердин баары атабыз прогрессивдүү ой жүгүрткөн, ички маданияты жана жеке тартиби менен айырмаланган адам болгонун айгинелейт. Кыязы, так ушул нерсе үчүн согуш учурунда Япония менен болгон кырдаалга жайкы отрядка офицер кылып алышса керек. Андан соң атабызга Москвадагы М.Фрунзе атындагы аскер Академиясында билим алууну сунушташкан.
Бирок бул жерде дагы генерал болуу мүмкүнчүлүгүн кармаган жок...
Атабыздын духу күчтүү жана бекем болчу, бирок эч убакта авторитардык адам болгон эмес.
Анын мүнөзү толугу менен төмөнкү саптарга туура келет:
"Падышалар менен сүйлөшкөндө жөнөкөй бол,
Көпчүлүк менен сүйлөшкөндө чынчыл бол!
Достор жана душмандар менен түз жана бекем бол,
Алар сени менен эсептешкендей болушсун!"
Автор: Айсулуу Токомбаева, СССР Эл артисти, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты


