Ленин райондук администрациясы кызылча жана кызамык эпидемиясын алдын алуу максатында балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.

Жыйынга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү чакырылган.

Жолугушууда медицина кызматкери чакырылган ата-энелерди оорунун статистикасы менен тааныштырып,  балдарды ооруга каршы милдеттүү эмдөө тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, жыйындар 600дөн ашык адамдын катышуусун камтыды.  Муниципалдык администрация тарабынан эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

Маалымат: Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамыкка, паротитке жана көк жөтөлгө каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт:

- 1 жашында биринчи эмдөө;
- 6 жашында экинчи эмдөө.

"Урматтуу шаардыктар, өзүңөргө жана балдарыңарга кам көргүлө!" - деп билдирет Бишкек мэрия.