Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болду.  

Отурумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан жакынкы жылдары 11 тармак боюнча 100 ири бизнес долбоор ишке ашырыла турганын билдирди.  

“Аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун маалыматына ылайык соода-логистикалык борборлору боюнча 12 долбоор, айыл чарба техникалары тармагында 11 долбоор, канаттуулар чарбасында 8 долбоор, билим берүү жана илимий долбоорлордун саны 20, эт багытында 6, сүт багытында 7 долбоор, балык чарбасында 14 долбоор, жемиш багытында 3 долбоор, жаңгак багытында 3, тыбыт, булгаары жана кездеме багытында 6 долбоор, ошондой эле аймактарды өнүктүрүүдө 12 долбоор. Жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 24 миллиард сом керектелет.  

Бул багытта МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Өнүктүрүү институттарды, мамлекеттик банктарды Кыргызстандын агроөнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган 100 ири бизнес долбоорду активдүү колдоого чакырып, 10 күндүн ичинде далилдүү чечимдер менен келүүнү тапшырды.  

“Өнүктүрүү институттарынын, коммерциялык банктардын жетекчилери даяр долбоорлор турат, эми каржылоону баштаңыздар. Он күндүк мөөнөттө тизмени киргизиңиздер. Сметасы 200 миң долларга чейинки долбоорлорду өзүңүздөр карай берсеңиздер болот, калган бардык долбоорлор Министрлер Кабинети менен макулдашылсын”, – деди Акылбек Жапаров.  

Жыйынга Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин курамына кирген мамлекеттик органдар, Кыргызстан-Россия, Кыргызстан-Өзбекстан, Кыргызстан-Венгрия, Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонддору, “Айыл банкы”, “РСК банкы”, “Керемет банкы”, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарын өнүктүрүү фондору жана башкалар катышты.  

Белгилей кетсек, долбоорлорду ишке ашырууга, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана жеке жоопкерчилик алууга аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарлары  милдеттендирилет.